ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Консулдук каттоо

КР жарандарын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде каттоодон өткөрүү боюнча маалымат.

КР “КР жарандыгы жөнүндө” мыйзамына (18.02.1994) ылайык, чет өлкөдө жүргөн ар бир жаран, ошол жакта КР кызыкчылыгын коргогон, дипломатиялык же болбосо консулдук өкүлчүлүктө каттоого турусуу керек. Мындан кийин ал жаран КР кайтып барууга же болбосо Кыргызстандын жарандары визасыз барууга мүмкүн болгон (Орусия, Украина, Белоруссия, Казакстан) малекеттерге эч тоскоолдуксуз каттай алат.

КР жараны өлкөдөгү турган шартына жараша студенттик, мөөнөттүү жана мөөнөтсүз консулдук каттоодон өтө алат.

– Студенттик консулдук каттоодон Корея Республикасынын окуу жайларында билим алып жаткан КР жарандары өтүшү керек.

Керектүү документтер:

– Паспорт

– Окуган жеринен маалымкат

– Көрсөтүлгөн өлчөмдө консулдук төлөм

– КР Корея Республикасындагы Элчисинин атына арыз

Убактылуу консулдук каттоодон Кореяда эң аз бир ай, эң көп 3 жыл кала турган КР жарандары өтүшү керек.

Керектүү документтер:

– Паспорт

– Жашаган жеринен маалымкат

– Төлөм

– КР Кореядагы Элчисинин атына арыз.

Корея Республикасында эң аз 3 жыл турган жана мындан ары да ошол жерде калууну мерчемдеген КР жарандары, мөөнөтсүз консулдук коттодон өтүүлөрү керек. Бул каттоодон өтүүдөн мурда, маалымат алуу үчүн КР Кореядагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тиркемени көчүрүү