ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Паспорт алуу/алмаштыруу

Жалпы жарандык паспортту алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

– КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилген арыз ( Элчиликте арыз берүүчүнүн өз колу менен толтурулат);

– 4 даана түстүү сүрөт (ак фондо, 4*6 см өлчөмүндө, сыйгалак кагазда, адамдын жүзү так көрүнгөн, баш кийимсиз);

– Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– Ай-ди паспорт (ички паспорт);

– Мөөнөтү бүткөн паспорт жана анын башкы беттеринин 2 даанадан көчүрмөсү;

– Консулдук чогултууну төлөгөндүгү тууралуу квитанция;

– Паспортту жасоо кызмат акыларын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (Кыргызстанда РСК банкы аркылуу жүргүзүлөт);

Арызды тыкандык менен бузбай жана булгоосуз толтуруу зарыл. Сот тарабынан майып деп табылган жарандардын арызын алардын мыйзамдуу өкүлдөрү толтуруу укугуна ээ. Мындай учурларда майыптардын мыйзамдуу өкүлдөрү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн майыптын паспортун алууга ишеним катын, өзүнүн паспорту, аларды мыйзамдуу өкүл экендигин тастыктаган документтерди, укук коргоо органдарынын паспортту берүү боюнча чечимин көрсөтүүсү зарыл. Арызда толтурулган күнү көрсөтүлүп, арыз берүүчүнүн колу кара, көк же фиолет түстөгү сыя менен коюлат. Арыз берүүчүнүн кол үлгүсү атайын көрсөтүлгөн төрт бурчтук сызыктан чыкпоосу зарыл. Эгер ал сызыктан чыгып калса арыз жараксыз деп табылат.

Арызды толтуруп жаткан жаран жеке идентификациялык номерине (ЖИН) ээ болуусу зарыл. Мындай номер КР мыйзамына ылайык КР Социалдык фонду тарабынан берилген социалдык жактан коргоо күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Эгер арыз ээсинде (11 сандан турган) ЖИН жок болсо, мындай номерди КР Социалдык фондунан алдын ала алуу зарыл. Себеби ЖИН көрсөтүлбөгөн арыз кароого алынбайт. КР жалпы жарандык паспортун даярдоо 2-3 айды талап кылат.

Тапшырылган документтердин жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтын аныктыгы үчүн арыз ээси КР мыйзамы тарабынан бекитилген тартипте жооп берет.

Паспортту алуу же алмаштыруу үчүн документтер ушул Көрсөтмөнүн тийиштүү жоболорунда белгиленген документтер толугу менен тапшырылгандан кийин гана кабыл алынат.