ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Жарандык абалды каттоо

Жарандык абалды каттоо актылары бөлүмү

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк

Кыргыз Республикасынын Элчилигинен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө ээ болуу үчүн, баланын ата-энесинин бирөөсү сөзсүз түрдө КР жараны болушу абзел

Керектүү документтер

– Арыз

– Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү. Эгер экөөнүн бирөөсү жок болсо, каза болгондугу тууралуу күбөлүк

– Ата-энесинин нике күбөлүгү. Эгер бул күбөлүк Корея Республикасынын бийлиги тарабынан берилген болсо, нотариалдык жактан тастыкталган анын орус тилине котормосу жана Корея Республикасынын Юстиция Министрлигинин апостилине тиркелиши керек.

– Корея Республикасынын бийлиги тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу сертификат. Нотариалдык жактан тастыкталган жана анын орус тилине котормосу.

– Төлөм

Эскертүү: Башка учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк

Үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк башка өлкөнүн жана ошондой эле КР жаранына баш кошкон КР жаранына берилет.

Төмөнкү документтер талап кылынат:

– Баш кошуп жаткандардын арызы

– Паспорттору жана алардын көчүрмөлөрү

– ID карталар жана көчүрмөлөрү

– Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү

– Мурун турмуш курбагандыктарын далилдөөчү документтер (Республикалык ЖАКАБ архивинен берилет)

– Чет өлкөлүктү каттоонун көчүрмөсү (Выгуккин тынокчин)

– Төлөм