ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Кыргыз Республикасынын аймагынан чыга турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштамалар (рекомендациялар)

Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуунун алдында, жолго керектелүүчү тийиштүү документтерин текшерүү абзел.

1. Эгерде паспорт жаңы болсо, анда паспортто бардык негизги маалыматтын (Аты-жөнү, туулган жылы, жынысы, паспортун мөөнөтү) туура жазылгандыгын кылдат текшерүү зарыл. Паспортто так жана бөлөк жазуулар бузулбаган болушу керек. Чет өлкөдө жүргөн мезгилде паспортту дайыма жанында алып жүрүү зарыл жана таныбаган кишиге бирөөгө сактоого жана күрөөгө коюуга болбойт.

2. Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Беларусь, Казакстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Вьетнам, КЭДР, Куба, Малайзия (90 күнгө чейин), Түркия (90 күнгө чейин), Украина (90 күнгө чейин), Монголия (90 күнгө чейин) сыяктуу өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы визасыз түрдө иш алып барат, бирок башка бардык өлкөлөр менен визалык режим түрүндө ишин жүргүзөт.
Визалык режим түзүлгөн өлкөгө кирүү үчүн ошол өлкөнүн консулдук мекелеринде кирүү визасын алгандан кийин гана мүмкүн.

3. Эгер Сиз бара турган өлкөгө медициналык камсыз кылуу күбөлүгү керектелсе, анда аталган күбөлүктү туура таризделишине өзгөчө көңүл буруңуз. Ошондой эле, Мындан сырткары Сиз текшерилген агентикке кайрылыңыз, аталган камсыз кылуу күбөлүгү Сиз жөнөгөн өлкөдө кандай медициналык кызматты камсыз кылуу көбөлүгүндө милдеттенгенин тактап жана төлөө жолун тактап алыңыз. Медициналык камсыз кылуу күбөлүгүн тариздөөгө шалаакы мамиле кылбаңыз, эгер Сиз ооруга учураганда, башыңызга кырсык келгенде же сөөктү мекенине жеткирүү учурунда чоң чыгашаларган алып келиши мүмкүн.

4. Ошондой эле, жолго чыгуунун алдында жеке жүк ташуу (багаж) тартибинде тизме менен алыңыз, Сиз жөнөгөн өлкөгө кайсыл жеке жүгүңүз менен кирүүгө уруксат берилгени боюнча таанышып алыңыз.
Көптөгөн өлкөлөрдө куралдын бардык түрүн киргизүү/чыгарууга жана имитацияга, жарылгыч заттарды, жасалма баалуу казадарды жана жасалма акчаны, уятсыз (порнография) элементтерди камтыган өндүрүштү, уу заттарды, каттуу таасир этүүчү жана ууландыруучу заттарды, бангизаттар, кооптуу бактериялар, зыянкеч курт-кумурскалар, түрдү жаныбарлар, өсүмдүктөр, продуктылар, эпидемия аймагындагы дарылар эгер алар адамдардын жана жаныбарлардын кооптуу саналган жогоруда аталган бардык нерселерге тыю салынган.
Мисалы: Эгерде Кытайда баңгизаттар менен байланыштуу кылымыш жасалган болсо анда анын өтө каттуу жазалашат, алар төмөндөгүлөр: өлүм жазасы жана түбөлүк эркинен ажыратуу. Эң жогорку жазага 50 грамм героин саткандыгы үчүн жазаланышат.

5. Эгер Сиз келген өлкөнүн коопсуздук органдары, башка кишилер тарабынан коркунуч келсе, жол-унаа кырсыгы ж.у.с. күтүлбөгөн окуялар болсо дароо ошол өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кабарлаңыз. Мындан сырткары ар кандай протокол жана башка чет тилдеги документтерге ошол өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемесинин консулдук бөлүмүнүн кызматкери болбогон учурда кол койбоңуз, анткени алар ошол өлкөнүн мыйзамында кылыш жасада күнөөсү боюнча негездеме болушу мүмкүн.