Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимовдун Нооруз майрамы менен куттуктоо созү

Admin
Автору Admin March 16, 2017 17:49

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимовдун Нооруз майрамы менен куттуктоо созү

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимовдун Нооруз майрамы менен куттуктоо созү

 

 

Урматтуу мекендештер!

 

Келе жаткан Нооруз жаз майрамы менен сиздерди чын жүрѳктѳн куттуктаймын. Бул майрам рухий жанылануу, кайра жаралуу, жакшылыкка болгон үмүттѳрдү жана жаңы, жагымдуу ѳзгѳрүүлѳрдү белгилейт. Буга байланыштуу, кыска тарыхий убакыттын ичинде суверендүү Кыргызстан чоң жана оор жолду басып ѳтүп, мамлекеттиктин түзүлүшүндѳ бир топ ийгиликтерге жеткендигин белгилеп кетким келет.

 2017-жылдын Нооруз майрамы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орноосунун 25 жылдыгы менен дал келип калгандыгына кубанычтамын. Бул убакыттын ичинде эки ѳлкѳнүн ортосунда ѳнѳктѳштүк жана ишенимдүү мамилелерди кура алдык. Эки ѳлкѳнүн элин жалпы демократиялык баалуулуктар бириктирип, бири бирин урматтоо жана кызматташуу байланыштырып турат.  Түштүк Корея биздин мамлекет кѳз карандыкты алаары менен алгачкылардан болуп Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерди түзгѳн мамлекеттердин бири экендиги дайыма эсибизде.

  Мамлекет аралык карым-катнаштардын орноосуна 25 жыл толгон ушул учурда, эки ѳлкѳнүн ортосунда соода-экономика, билим берүү, маданият, медицина тармактарында ийгиликтүү ѳнѳктѳштүк жѳнгѳ салынгандыгын айткып кетким келет.

Корея Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ Кыргыз Республикасына кѳргѳзгѳн жаңы реформаларды ѳткѳрүү жана ѳлкѳнүн демократиялык негиздерин түптѳѳдѳ чоң салым кошкон жардамы үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.

 Кымбаттуу мекендештер, ушул жаз күнүндѳй жаркыраган Нооруз майрамында баардыгыныздарга чың жүрѳктѳн бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана ар бириниздердин уй-бүлѳңүздѳргѳ жакшылыктарды, аруу тилектерди каалайм.

Admin
Автору Admin March 16, 2017 17:49
ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05