ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Билим берүү

Кыргыз Республикасында баштапкы билим берүү үчкө бөлүнгөн жана 11 жылды түзөт. Анын 9 жылы сөзсүз окулушу керек.

-Алгачкы мектеп- 1 класстан 4 класска чейин 6-7 жаштан 11 жашка чейинки балдар, жазууну, адабиятты, тил, арифметика, эмгек сабагы, этика жана спорт сабактарын үйрөнүшөт.

-Ортоңку мектеп- 5 класстан 9 класска чейин, 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар математика, маалымат технологиялары, чет тилдер ж.б. сабактарды үйрөнүшөт.

-Жогорку мектеп- 10-11 класстар. Бул класстар сөзсүз түрдө окулушу керек болбосо дагы, жалпы окуучулардын 80% жогорку мектепти аякташат. Бул аралыкта ортоңку мектепте өтүлгөн сабактарды кененирээк окушат.

11 классты аяктаган окуучулар ЖРТ катышып, ЖОЖ тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жалпы республика боюнча мектептердин саны 2000 ден ашык. Чоң шаарларда менчик мектептердин саны көбөюүүдө. Кыргызстанда 50 дөн ашык ЖОЖ катталган. Алардын көбү мамлекетке карайт.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары