ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Экономикасы

Кыргызстан материктин ички бөлүгүндө жайгашкандыктан, деңизге чыга албайт. Жүктөр унаалар менен гана ташылат. 2008 жылдын аягында, жалпы жолдордун узундугу 34000 км түзгөн. Анын ичинен бүткүл областтардын жалпы жолунун узундугу 18810 км. Мамлекетибизде 8 магистралдык линиялар бар. Алардын жалпы узундугу 2242 км. Булар “Бишкек-Ош”- 672 км., “Бишкек-Нарын-Торугарт”- 539 км., “Ош-Эркештам”- 258 км., “Ош-Исфана”- 385 км., “Талас-Суусамыр”- 199 км.

Темир жолу

Кыргыз Республикасында темир жол түзүмү жакшы өнүккөн эмес. Жалпы темир жолдун узундугу 423,9 км түзөт. Түндүктөн батышка карай линия бар. Чыгыштан, Балыкчы шаарынан башталат. Батышта Казакстандын темир жол түзүмү менен биригип, Орусияга чейин барат.

Аба жолдору

Кыргызстанда 14 авиакомпания иш жүргүзөт. Алардын жетиси Кыргыз Республикасына тиешелүү. Булар 21 маршрут боюнча катташат. Бешөө ички каттамдарды аткарат. “Баткен-Ош-Бишкек”, “Бишкек-Жалал-Абад”, “Бишкек-Ош”.

16 эл аралык авиакаттамдар бар. Алар: “Бишкек-Үрүмчү”, “Бишкек-Дүйшөмбү”, “Бишкек-Ташкент”, “Бишкек-Москва”, “Бишкек-Санкт-Петербург”, “Ош-Москва”, “Ош-Үрүмчү”, “Бишкек-Дубай”.

Кендери

Кыргызстанда алтындын, сурьманын, алюминийдин, калайдын, темирдин ж.б. кендердин чоң запастары бар. Азыркы учурда булардын бир аз бөлүгү гана иштетилүүдө.

Гидроресурстары

Кыргыз Республикасы сууларга, көлдөргө абдан бай жана суунун запасы боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында 3 орунда турат.

Чоң көлдөргө Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек кирет. Чоң дарыяларга Нарын, Чаткал, Сары-Жаз, Чүй, Талас ж.б. кирет. Кыргызстандын бир жылдык гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатты түзөт. Мунун болгону 8-10% өздөштүрүлгөн. Адистердин эсептөөлөрү боюнча, бир жылда 12-14 млрд. кВт/саат гана электр энергиясы өндүрүлөт. Жалпысынан 18 ГЭС курулган. Эң чоң ГЭС Токтогул болуп эсептелет. Анын кубаттуулугу 1200 миң кВт түзөт.

Көмүр

Кыргызстандын аймагында 70 көмүр кендери ачылган. Алардын жалпы запасы 1 млрд. 345 млн. тонна. СССРдин убагында Кыргызстандын аймагында жылына 3-4 млн. тонна көмүр казылып турган. Акыркы жылдары жылына болгону 400 миң тонна көмүр өндүрүлүүдө.

Мунай жана жаратылыш газы

Кыргыз Республикасынын аймагында 15 жерде мунай жана жаратылыш газынын запастары ачылган. Адистердин эсептөөсү боюнча мунайдын запасы 12 млн тонна, ал эми жаратылыш газынын көлөмү 6 млрд. куб метр.

Соода-экономикалык байланыштары

Кыргызстан дүйнөнүн 113 мамлекети менен соода-экономикалык байланыш түзүп келет. Маанилүү соода өнөктөштөрү болуп, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, КЭР, БАЭ, Түркия, Германия, Швейцария, Канада жана АКШ эсептелет. Ошондой эле өлкөбүз ДСУ, ЕврАзЭСке мүчө.