ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Маданият жана салттар

Тарых жана маданият
Улуу Жибек Жолунда жайгашкан Кыргыз Республикасы Кытай, Иран, Индия, Арабия деңизи жана батыш дүйнөсүнүн ортосундагы соода жана маданий салттардын айкалышы, ошондой эле 80ден ашык этникалык топтун өкүлдөрүнүн үйү болуп калды. Ак карлуу тоолордун, өзөн суулардын жана гүлдөгөн өрөөндөрдүн арасындагы ажайып жаратылыштагы жашоо кыргыз элинин мүнөзүн жана кылдат сезимин калыптандырган. Көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу кылымдан кылымга калыптанып, көчмөн жашоо образынын талаптары менен тыгыз байланышкан. Кыргыздар көптөгөн кол өнөрчүлүктө, мисалы: салтына тиешелүү оюм-чийимдери түшүрүлүп көз тайгылткан шырдактарды, ала кийиздерди жана кийизден ар кандай буюмдарды: ар кандай маанини берген ар кыл түстө чий согуу; каада-салттагы текстиль буюмдарын, кийизге, териге, жүнгө, жибекке, пахтадан токулган кездемеге сайма саюуда, жүндөн, жибектен жана металлдан көркөм буюмдарды жасоодо мыкты чеберлер болуп таанылган. Мындан сырткары, кыргыздар күмүштөн зергер буюмдарын жасоодо өзгөчө техниканы өнүктүрүшкөн жана аны ушу күнгө чейин сактап келишкен.

“Манас” эпосу кыргыз элинин маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Эпостун баш каарманы Манас – элдик баатыр, кыргыз элинин көзкарандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшкөн. 500 000ден ашык ыр саптарынан турган «Манас» эпосу жөнүндө оозеки легенда муундан муунга көптөгөн кылымдар бою берилип, айтылып келген. «Манас» эпосу дүйнө жүзү боюнча эң чоң эпикалык чыгарма болуп таанылган. Кыргыздардын чыныгы турмушундагы окуяларды чагылдырган эпос, калк арасындагы кадыр-барктуу жана сый-урматка ээ айтуучу – манасчы тарабынан айтылат.

Мындан сырткары «Манас» кыргыз элинин жашоосун жөнгө салуучу салттык мыйзамдардын жана жоболордун жыйындысы катары кызмат кылат. Эпостун айрым жоболору өлкөнүн заманбап өнүгүүсүндөгү биримдиктин улуттук идеологиясын түзүү үчүн кызмат кылган.

Салт боюнча кыргыздар үйүнө келген ар бир коногун сыйлап тосуп алат. Эгерде кыргыз келген конокту сыйлабаса, бул абдан кемсинтүү болуп саналат. Ал эми, тескерисинче, конок сыйдан баш тартса, бир чыны чай ичпей койсо, анда ал үй ээсин таарынткан болот. Бул салт кыргыздардын арасында гана кеңири жайылбастан, Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттардын өкүлдөрүндө да калыптанган.

Азыркы заманбап Кыргызстанда мындан башка да байыркы каада-салттар абдан белгилүү. Мисалы, баланын туулганына карата «Жентек той», же болбосо баланын бир жашка толгондугуна байланыштуу «Тушоо кесүү» тоюу. Ал эми кыргыздардын жазгы майрамы жана жаратылыштын жаңырышы – «Нооруз» майрамын өлкөнүн бардык калктары динине жана улутуна карабастан белгилешет. Кыргыз Республикасынын тарыхы жана маданияты 80ден ашык этникалык топтун өкүлдөрүн бириктирген калк сыяктуу көп кырдуу. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн доордогу жана мезгилдеги эстеликтер – алгачкы адамдардын жашаган үңкүрлөрү, тоо таштардагы сейрек учуроочу руникалык жазуулар, аскага чегилген сүрөттөр жана таш айкелдер, антикалык жана орто кылымдагы жашаган сепилдер жана коргондор сакталып калган. Кыргыз эли жөнүндө биринчи жазма эскермелер биздин эрага чейин 201-жылы белгиленген кытай булактарында кездешет. Көптөгөн убакыттар бою кыргыздар Түштүк Сибирдин жана Орто Азиянын бирден бир ээлери болушкан. Бирок биздин эрага чейин XIX кылмыдын аягында гана кыргыз жазуусу пайда болгондуктан, этнос жөнүндө бардык жазма эскермелер кытай, иран, түрк жана араб булактарында гана кездешет.

Кыргыз эли мамлекеттүүлүккө негиз салуучу принциптерди кубаттуу көчмөн гунн державасынын гүлдөп турган учурунда, биздин эрага чейин биринчи миң жылдыктын аягында эле түзүп коюшкан. Кийинки булактар енисей кыргыздарынын мамлекетинин гүлдөшү жөнүндө көрсөтөт. Кыргыз элинин улуу державасы узакка созулган эмес. Биздин эрага чейин кыргыздар Алтай, Жунгария жана Чыгыш Түркстандын бөлүгүн гана көзөмөлдөп турушкан. XIII кылымда Енисейдеги кыргыз мамлекети жок болуп, кыргыздар башка түрк урууларынын арасына сиңип кетишкен.

Кыргыздар жашаган аймак адегенде Россия империясынын курамына кирип (1864–1876-жж.), андан кийин автономдук облус катары Түркстан АССРне кирген (1918-ж.). Кыргыздардын мамлекеттүүлүгү XX кылымда кайрадан калыбына келген. Андан соң кыргыз элинин статусу автономиялык (1924-ж.) жана эң акырында СССРдин курамындагы (1936-ж.) союздук республика катары таризделген. 1991-жылы гана кыргыздар эгемендүү мамлекет – Кыргыз Республикасы боло алышты.

Кыргыз Республикасы аркылуу Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү өткөн. Качандыр бир кезде батыш дүйнөсү Кытай сыяктуу өлкө бар экенин шек кылышпаганы белгилүү. Тянь-Шань, Гималай жана Памир тоо кыркалары, суусуз чөлдөр Евразияны ар кандай эки маданий дүйнөгө бөлүп турган. Биздин доорго чейин II кылымда гана саякатчы Чжань-Цань тоо ашууларын ашып түшүп, Согда, Түндүк Афганистан жана башка өлкөлөргө жеткен. Чжань-Цань Кытайга кайтып келгенде батышта жайгашкан өлкөлөрдүн байлыктары жана укмуштары жөнүндө айтып келген. Көп өтпөй саякатчынын жолу менен соода кербендери жол жүрөт. Маршруттун көпчүлүк бөлүгү Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган көпүрө жана Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болгон азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүргөн.