ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Мамлекеттик түзүлүшү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү 2010 жылы 24 июнда кабыл алынган баш мыйзам менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын жаңы конституциясы Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн парламенттик республика катары аныктайт. Республиканын парламенти, Жогорку Кеңеш эн маанилүү саясий чечимдерди кабыл алат. Ал бир палаталуу жана партиялык тизме боюнча 5 жылга шайланган 120 депутаттан турат. Жаңы конституция боюнча парламенттик шайлоо 2010 жылы 10 октябрда өткөн.

Президент жалпы эл тарабынан 6 жылга шайланат жана ал экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катыша албайт. Тактап айтканда бир адам эки жолу президент болуп шайлана албайт. 2011 жылы 30 октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн жана аны Алмазбек Атамбаев женип чыккан.

Өкмөт башчы парламенттеги көпчүлүк фракция тарабынан бекитилет (50 мандаттан жогору мандатка ээ болгон саясий партия).