ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасы – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет.

Кыргызстандын калкы 5 млн 663 минден (2012) ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт.

Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери. Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.

Кыргызстан көп улуттуу унитардык мамлекет.

Административдик жагынан Кыргызстандын аймагы жети облуска бөлүнөт. Алар – Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары. Ар бир облус райондорго бөлүнгөн. Республикада административдик 40 район, 22 шаар бар. Райондор 429 айыл кеңештеринен бөлүнгөн.

Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден)

Тилдери – кыргыз тили – мамлекеттик, орус тили – расмий.

Кыргыз Республикасынын Президенти - АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы – ЖЭЭНБЕКОВ Асылбек Шарипович

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – САТЫБАЛДИЕВ Жантөрө Жолдошевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы – ЖАМАШЕВА Феруза Зулумбековна

Валютасы- кыргыз сому (KGS, код 417)

Интернет-домени – .kg

Телефондук коду – +996

Саат поясы – UTC +6

Аянты 199,9 миң. км2 (5,8% – токойлор, 4,4% – суулар, 53,3% – айыл чарба жерлери, 36,5% – башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.

Борбору – Бишкек (904 миң адам).

Чоң шаарлары Ош (536 тыс.), Жалал-Абад (98,4 тыс.), Каракол (68,0 тыс.).