ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Жогорку Кеӊештин спикери

ТУРСУНБЕКОВ Чыныбай Акунович

Торага ЖК

1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983 – жылы Кыргызмамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985–1988-жылдары Кыргыз илимдеракадемиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштериинистрлигинин алдындагы

Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.

1989-1992-жылдары – КУМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;

1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;

1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.

1997-жылдан 2010-жылга чейин:
– “Акун” ЖАКтын башкы директору;
– “Бишкек ун комбинаты” ААКнын башкы директору
– «Кереге» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы
– Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти
– Кыргыз – түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Алган сыйлыктары:
• 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын жеңип алган;
• 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
• 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.