Легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыяланды!

Admin
Автору Admin July 10, 2017 15:13

Легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыяланды!

Легалсыз мигранттар үчүн миграциялык амнистия (депортациялоосуз өлкөдөн чыгып кетүү) жарыяланды!

 Корея Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан  легалсыз (уруксат болгон мөөнөттөн ашык) Кореянын территориясында жүргөн жарандар өз ыктыяры менен, депортациялоосуз жана мындан ары кирүүсүнө тыюусуз өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аталган акция 2017-жылдын 10-июлунан баштап 2017-жылдын 10-октябрына чейин 3 айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Ушул мөөнөттө Кореянын территориясында легалсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары өз ыктыяры менен мекенине чыгып кете алат. Бул учурда

- Кореяда мыйзамсыз жүргѳндүгүнѳ 5 жылга жетпегендерге айып (штраф) санкциялары колдонулбайт жана Кореяга кийинки кирүүсүнө тыюу (депортация) салынбайт.

– Кореяда мыйзамсыз жүргѳндүгүнѳ 5 жылдан ашкандарга мындан кийинки кирүүсүнө 1 жыл гана тыюу (депортация) салынат.

 

Мындан тышкары, Кореянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, аталган акция бүтѳѳрү менен Кореянын Миграция кызматы, Эмгек министрлиги жана Улуттук полиция агенттигинин биргелешкен чоң масштабдуу күчөтүлгөн рейддери жүрѳт.

  • Легалсыз мигранттар кармалган учурда Кореядан токтоосуз депортацияланып, канча убакыт бою легалсыз жүргөндүгү менен көз карандысыз, 5 жыл мөөнөттөн ашык Кореяга кайра келүүгө тыюу салынат.
  • Өз ыктыяры менен Кореядан чыгып кетип, Бишкектеги Кореянын Элчилигинен кезектеги визаны алуу менен, легалдык (мыйзам) түрдө, ошону менен бирге EPS системасы (виза Е-9) менен, эч тоскоолсуз Кореяга кайра кире алат.
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кореянын территориясында легалсыз (уруксат берилген мөөнөттөн ашык) жүргөн Кыргызстандын жарандарын берилген ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өз каалоосу менен Кыргызстанга кайтууга чакырат. Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Корея Республикасында легалсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 1000 ден ашат.
  • Кореядан өз ыктыяры менен чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө авиабилети жана жарактуу болгон паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүгү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө эң жок дегенде 3 саат калганда Инчхон эл аралык аэропортунундагы Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө келүүсү зарыл.
  • Өз ыктыяры менен чыгып кетүү акциясы мындан кийинки Кореяда жүрүүсүн легализациялап, Корея Республикасында мыйзамдын негизинде эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүсүнө жакшы мүмкүндүк түзөт.
  • Толук маалымат алуу үчүн Кореянын Миграция кызматынын суроолор борборуна 1345 кыска номери аркылуу кайрылууга болот.
    Инчхон аэропортундагы Миграциялык офисинин телефону : 032-740-7391(2).
    Ошондой эле, бардык суроолор боюнча Кореядагы Кыргызстандын Элчилигине төмөнкү номер менен кайрылсаңыздар болот: 02-379-0952.
Admin
Автору Admin July 10, 2017 15:13
ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05