ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КР ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ

(+996-312) 66-06-75

(+996-312) 66-34-05

Башкы баракка

Миграция

Кыргызстандан Корея Республикасына келе турган жарандардын эсине:

Корея Республикасына камданып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук паспорту.

Кыргызстандын Сеулдагы Элчилиги жумуш издеп чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарга бир нече кеп-кеӊешин берип кетмекчи. Чыга турган кыйынчылыктардан жана көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн төмөнкүлөрдү эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар.

“Мыйзамсыз жумушчулар”

Башка мамлекетке мыйзамсыз түрдө иш издеп чыккан кыргызстандыктарга элчилик мындай жолдун өтө опурталдуу экендигин эскертет. Адамдарды алдоо жолу менен соодалаган кылмыштуу топтордун тузагына эркектер менен бирге аялдар да түшүп калышы мүмкүн. Алар көбүнчө адамдарды өздөрүнө жогору маяналуу жумуш сунушу аркылуу, чет элдик жаран менен баш коштурабыз деген жана башка ушул сыяктуу шылтоолор менен тартып алышат. Мындай сөздөр акырында келип, адамды документтерин тарттырып, акчасынан ажыратып, зордук-зомбулук менен иштөөгө мажбур болууга алып келет.

Эгер сиз Корея Республикасында иштөөнү мерчемдеп жатсаӊыз төмөндөгү коопсуздук эрежелерин эсиӊизден чыгарбаӊыз:

  • Жеӊил жана көп акча сунуш кылган интернет, газеталардагы жарнамаларды, достордун, туугандардын сунуштарын жакшылап текшергиле.
  • Эч кимге паспортуӊузду бербеӊиз.
  • Мыйзамсыз документтер менен, тактап айтканда жасалма паспорт же болбосо жасалма виза менен башка мамлекеттин чек арасынан өтүүгө аракет жасабаӊыз. (Колго түшүп калсаӊыз убактылуу кармалуучу жайда отуруп калышыӊыз толук мүмкүн)
  • Туристтик виза менен мыйзамдуу ишке орношууну ойлобоӊуз. Визанын убактысы бүткөн соӊ, келген өлкөӊүзгө жөнөтүү чечими чыкканга чейин убуктылуу кармалуучу жайда отуруп каласыз.

Мыйзамдуу эмгек миграциясы.

 

2006 жылдан тарта Кыргызстандык эмгек мигранттар  эмгек келишими менен мыйзамдуу түрдө Корея Республикасында иштөө үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бул расмий квота аркылуу Түштүк Кореяга келгендер сөзсүз түрдө жумуш менен камсыз болот жана анын укугу толук корголот. Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге ылайык расмий квотадан пайдалангысы келген жумушчулар төмөндөгү критерийлерге туура келиши керек:

  1. 18-35 жаштын ортосунда
  2. Мурда соттолбогон жана милицияда каттоодо турбаган
  3. Мурда Түштүк Кореядан чыгарылбаган
  4. Психикалык жана физикалык жактан ден-соолугу чыӊ
  5. Корей тилин билген

Корея Республикасына жөнөтүү бир нече этаптан турат.

  1.  Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин маалыматтык-консультативдик борборунан каттоодон өтүү. (Дареги: Бишкек ш.,Чүй проспектиси 106, Тыныстанов көч.  кесилиши, 189 жана 104 телефондору)
  2. Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан борборлордон 3 айлык корей тили курсунан өтүү.
  3. КММАнын медициналык борборунан толук кароодон өтүү.
  4. Корей тили боюнча сынактан өтүү.

Корея Республикасынын визасы (Е-9-2) бир жылга бул өлкөдө эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан соӊ ишкананын жетекчисинин макулдугу менен дагы бир жылга же андан көп убакытка узартып алууга болот. Эгер сиз эмгек келишимин бузсаӊыз, (иш жерин таштап кетүү, мыйзамсыз жүрүүгө өтүү, жергиликтүү мыйзамдарды бузуу ж.б.) Кореянын миграция кызматы сизди кармоого жана чек арадан чыгарып жиберүү максатында убактылуу кармоочу жайга киргизип коюуга укуктуу.

Эмгек мигранты Корея Республикасына келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Элчилигине келип каттодон өтүшү керек. Дареги: : # 403, Namsong Building 260-199, Itaewon dong, Yongsan-gu, Seoul. Тел: 02-379-09-51.